www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Палестинанын Австриядагы элчиси Салах Абдель Шафи азыркы Газа секторундагы кырдаалды адам жашоого таптакыр мүмкүн болбогон аймакка айланып баратканын жар салды. Анын айтуусунда, Израил октябрь айынан бери Газага болжол менен 100 миң тонна жардыруучу бомба колдонгон. Бул Хиросимага ташталган атомдук бомбадан беш эсе көп дегенди билдирет.
Элчи мындан улам аба, жер кыртышы жана суу ууланууга кабылуу мүмкүнчүлүгү өтө жогору экенин белгилейт. Буга байланыштуу Газадагы суунун сапаты күндөн күнгө начарлап, элдин ден соолугуна түздөн-түз коркунуч жаратып жатканы коңгуроо болуп кагылууда.
Бул аралыкта, Газанын администрациясы Израиль жылытуучу шаймандарды, санитардык кабиналарды, чатырлар үчүн материалдарды жана башка негизги турмуштук каражаттарды аймакка киргизүүгө толук тыюу салганын билдирүүдө. Кыштын түшүшү менен 288 миңден ашык үй-бүлө адам жашоого мүмкүн эмес шартта калууда.
Атышпоо жөнүндө 10-октябрдагы макулдашуудан кийин секторго кирген гуманитардык жүк да тоскоолдуктардан улам макулдашылган көлөмгө чыкпай жатат. Айрым азык-түлүктөр, эт, балык, сүт азыктары жана жашылча-жемиш чек арадан өткөрүлбөй жатат.