www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израиль Иранга сокку урду

Израил Ирандын аймагындагы объекттерге каршы аскердик операция баштады. Премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун билдирүүсүнө караганда, соккулар Ирандын ядролук жана ракеталык программаларына тиешелүү объекттерге багытталган.

Операция «Арстандар улуту» деп аталды. Нетаньяхунун айтымында, израилдик армия уранды байытуу боюнча негизги борборго, ошондой эле баллистикалык ракеталарды иштеп чыгууга байланыштуу объекттерге сокку урду. Нетаньяху ядролук курал жасоого катышкан адистерге да сокку урулганын белгиледи.

«Биз Ирандын ядролук программасынын жүрөгүнө сокку урдук. Операция коркунучту жоюу үчүн канча убакыт керек болсо, ошончо убакытка чейин уланат»,- деди премьер-министр.

Аскердик аракеттер 13-июнга караган түнү башталган. Иран бир катар райондордо жардыруу болгонун билдирди. Израиль тарап операциянын биринчи этабы аяктаганын жарыялап, абадан коргонуу системаларын даяр абалга келтирди. Өлкөдө Тегерандын жооп кайтаруу ыктымалдыгына байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Последние новости