www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 18-октябрында УКМК тарабынан КР ИИМ менен биргеликте Кыргызстандын аймагына кирүүгө тыюу салынган эл аралык террордук уюмдардын (ЭТУ) катарына рекруттарды жөнөтүү каналдарына бөгөт коюу максатында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында 1994-ж.т., КР жараны Д.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, такталгандай кармалган Д.А. эл аралык террордук уюмдун лагеринен атайын диверсиялык-террордук даярдыктан өтүп жана башчысынын тапшырмасы боюнча террордук иш-аракеттерди аткаруу максатында КР аймагына келген.

2016-жылдан бери Д.А. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Жалданмачылык” беренеси боюнча издөөдө жүргөн. Кармалган адам Жалал-Абад шаарынын ОИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости