www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 “Кыргыз эл Баатыры” деген наамга Чыңгыз Айтматов, Сүйүнбай Эралиев, Төлөгөн Касымбеков, Түгөлбай Сыдыкбеков, Султан Ибраимов, Төрөбай Кулатов, Апсамат Масалиев сыяктуулар татыктуу. Бирок эл алдына талаш-тартыш жараткан Алмазбек Атамбаев жана Орусияда жүрүп, бир-эки саатта бул наамга татыктуу болгон Алиясбек Алымкулов деген жасалма баатырлар бар.

 Каныбек Осмоналиев кыргыздын даңкын ааламга алып чыккан кереметтүү адам. Ал 65 жашка толгондо ошол мезгилдеги президент Атамбаев ага “Манас” орденин тапшырып жатып: “Сиз “Кыргыз эл Баатырына” татыктуусуз, буюрса 70 жашка толгондо өзүм тапшырам” – деп айтканы бар. Каныбек Осмоналиев 70 жашка толгондо Атамбаев бийлик менен мурчуюша кетип, “Эл жеген куруттан, Элебай акем куруткан” –дегендей, сыйлыктан таш-жалак калгандай. Эми ойлоп көрөлү:

Биринчиден, Каныбек Осмоналиевге ошондо эле “Кыргыз эл Баатырын” бериш керек эле. Өз эстелигин Таласка орноштурган “Кыргыз эл Баатыры” Алиясбек Алымкуловго караганда кыргызды ай-ааламга тааныткан.

Экинчиден, 2019-жылы 31-августта көзү өтсө дагы Төрөбай Кулатов менен Султан Ибраимовдорго  “Кыргыз эл Баатыры” наамы берилди. Сыйлык өз ээсин тапты, бир гана көзү өткөндөргө бере турган болсок эмне үчүн Манаска бербейбиз, эмне үчүн Ормонго бербейбиз? Ал эми Каныбек Осмоналиев тирүү инсан, буюрса ага Атамбаев баатырды бербей койсо эле, баатыр болбой калмак беле?

СССР спортунун эмгек сиңирген устаты Каныбек Осмоналиев Москва шаарында өткөн 22-Жайкы Олимпиада Оюндарынын чемпиону жана оор атлетика боюнча дүйнөнүн 4 жолку чемпиону болгон туңгуч кыргыз. Кесиби боюнча тарыхчы, КМУнун тарых факультетин аяктаган.

Каныбек Осмоналиев 1953-жылы 19-ноябрда  Чүйдөгү  Кемин районуна караштуу Бейшеке айылында туулган. Анын  курган маегинде ал өзүнүн өмүр жолунун башаты тууралуу мындайча эскерген: "Мен Кемин районунун Бейшеке айылында жарык дүйнөгө келип, балалыгым айыл жергесинде өттү. Эки жашымда атам каза болуп, эрте жетим калып, кичинемден кара жумушту көп жасап, чыйрак өстүм. 5 баланы эрезеге жеткирүү түйшүгү апам Жийдекандын мойнуна жүктөлгөн.

Жашымдан эле спортко ынак өсүп, боюмдун кичинелигине карабай, футбол, баскетболду жакшы ойночумун. Эркин күрөш секциясына да катышып, райондук мелдештерде байге алып жүрчүмүн".

Каныбек Осмоналиев студент кезинде оор атлетикага кызыгып калганын мындайча эскерет: "КМУнун тарых факультетинде окуп жүргөндө да күрөшкө барып жүргөм. Бир жолу университеттин оор атлетика залына капыстан кирип калып, балдар менен мелдеше кетип, штанга көтөрүп калдым. Менин бул спортко жөндөмдүүлүгүмдү байкап, оор атлетиканын сырын үйрөтүп, чоң спорттун эшигин кенен ачкан устатым - Семен Давыдович Иткин болду".

Каныбек 1978-жылы АКШда өткөн дүйнө чемпионатында алгач ирет дүйнө чемпиондугунун алтын медалын тагынды. Даңазалуу балбан Александр Воронин менен ат салышуу кыйынга турганын ал өзгөчө эскерет. "Мындай ийгиликтерге жетишиме устатымдын, апам Жийдекандын, келинчегим Мээркандын салымдары зор" - деп Каныбек Осмоналиев баса белгилеп келет.

Болочоктогу жубайы менен 7-класстан баштап ысык мамиледе жүрүп, 19 жашында баш кошушкан. Келин алып, кыз узатып, бир канча неберелүү болушту. Улуу уулунун 2000-жылы төрөлгөн кызына Олимпиада деп ат койгон. Кыргыз спортун дүйнөгө тааныткан Каныбек Осмоналиев, ошентип, дүйнө чемпионатында 4 жолу алтын байгелүү болуп кайткан. Европанын эки жолку чемпиону. Ал 1980-жылы Москвада  өткөн Олимпиадада чемпион болгон.

Ушул тапта ал Кыргызстандагы Балдардын спорттук Олимпиадалык резервдеринин оор атлетика боюнча мектебинин директору, Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин аткаруу комитетинин мүчөсү. Москва Олимпиадасында (1980) 52 килограммга чейинки салмакта мелдешке катышып, булкуп көтөрүүдө (рывок/snatch) 107,5 кг, ал эми түртүп көтөрүүдө (толчок/clean and jerk) болсо 137,5 кг жүк көтөргөн. Жалпысынан 245 кг жүк көтөрүп, өз доорунда олимпиадалык рекордду жаңырткан. Салыштыра кетсек, 1976-жылы Монреалдагы Олимпиадада орусиялык балбан Александр Воронин (52 кг) жалпысынан 242,5 кг салмактагы жүктү көтөрүп, өз учурунун рекордун жаңырткан болчу.

Азиянын чемпионаттарында бир нече жолу мөрөй алышкан Митал Шарипов, Улан жана Кутман Молдодосовдор, Манас Алибаев, Алмаз Асакеев жана башка кыргызстандык оор атлеттер Каныбектин жолун жолдоп келишет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости