www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Исхак Пирматов деген Жогорку Кеңештин депутаты бар эмеспи, байлыгы башынан ашкан. Эгерде ошол байлыгы таза мээнет менен табылган болгондо эч нерсе дебейт элек. Тилекке каршы, ал элдин, мамлекеттин ырыскысын уурдап-тоноо аркылуу чириген байга айланып алган.

«Кыргызнефтегазды» жетектеп турганда бензинди өзүнө караштуу жеке компанияга арзан баада сатып, ал компания аркылуу элге кайра кымбат сатып шугулданганын элдин баары билет. Мындай кыңыр иштерин санай берсек оголе көп.

Кыскарта айтканда, Исхак мырзага 2011-жылы ал кездеги баш прокурор А. Салянова тарабынан кылмыш иши козголгон. Бирок, парламент депутаттары аны коргоп калышкан болчу. Бирок, ага карата тагылган айп боюнча ал мамлекетке бери жагы 300 млн сомдон ашуун зыян келтирген. Демек, оңой сумма эмес.

Андыктан элибиз дагы деле «Исхак деген коррупционерди качан камашат болду экен?» деген суроону үстөккө-босток бергенден тажабайт келет. Бирок, эмнегедир Пирматовду кайсыл «пир» колдоп атканы белгисиз болуп келген. Себеби, аны жасаган кыңыр иштери айдан ачык көрүнүп турса дагы, али күнчө эркиндикте жүрөт.

Көрсө, А. Атамбаевдин убагында ага карата кылмыш иши козголгону менен кийинчерээк И. Пирматов экс-«башкы шоопур» И. Илмиянов жана учурдагы Бишкек мэри А. Ибраимов менен жакындан дос болуп, алардын жардамы менен эч кимге билгизбей, коомчулуктан жашыруун эле Жогорку соттун «Пирматовго карата козголгон кылмыш иши негизсиз, ал сүттөн ак» деген чечимин чыгарттырып алыптыр. Муну ал өзү бир-эки жерде байкабай мактанып айтып алган экен.

Демек, ошондо Атамбаевдин учурундагы коррупцияга каршы күрөш кандай жүргөн болот? Экинчиден, Пирматовго карата козголгон кылмыш иши өтө оор кылмыш. Андыктан эми жаңы ачылган жагдайлар боюнча ага карата токтотулган кылмыш ишин кайра козгоо керек. Коррупционер түрмөдө гана отурушу керек.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости