www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Рентген аппараты менен дарыгерлер бригадасы Чоң-Алайга барат. Бул тууралуу депутат Искендер Матраимов билдирди.
Депутаттын айтымында, Исмаил Матраимов фонду пандемияга байланыштуу заманбап мобилдик рентгенин сатып алып, Ош шаарындагы пневмонияга кабылган бейтаптарга акысыз кызмат көрсөттү.
Бүгүн, 28-июлда көчмө топ алыскы Чоӊ-Алай районуна жөнөп кетишет. Бригаданын курамында: врач, медайым, рентгенолог жана рентгенолаборант кызмат көрсөтүшөт. Алар, дарыгердин көрсөтмөсү менен келген бейтаптарга акысыз рентгенден өткөрүп, керектүү кеӊештерди беришет. Ошол эле кезде, медайым укол жана капельницаларды коюп берет.
"Дарыгерлер тобунун Ош шаарынан кийин эле, эӊ алыскы тоолу аймакка баруусун туура көрдүк. Себеби, ооруган адамдын бийик ашууларды өтүп, шаарга жетүүсү ден-соолугу үчүн абдан коопту. Урматтуу Чоӊ-Алай районундагы интернет колдонуучулар, бул маалыматты жакындарыӊыздар менен бөлүшүп коюӊуздар! Биздин команда, сиздердин ден-соолук үчүн кам көрүүдө - болгон мүмкүнчүлүктү колдонот. Оорубаӊыздар, ден соолук каалайм!", -депутат Искендер Матраимов.
Булак: NazarNews.kg