www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

23-октябрь күнү “Манас” эл аралык аэропортунун унаа токтотуучу жайындагы машинелердин биринин багажында 39 жаштагы Сокулук районунун тургунунун сөөгү табылган.

Ал адам таксист болгон жана көп жылдар бою чет өлкөгө акча которуп ишмердүүлүк кылып жүргөн. Айрым маалыматтар боюнча, ал 10-ноябрда Стамбул шаарында өлтүрүлгөн Айеркен Саймаитинин “курьери” болгон. Көп өтпөй ал “курьердин” өлүмүнө шектелип эки адам колго түшүрүлгөн болчу. Алар 27 жаштагы Чүй жана 32 жаштагы Ош облусунун тургундары. Аларды колго түшүрүү маалында өлтүрүлгөн ишкерден каракталган акча каражаттары дагы табылган.

Милиция бул ишке тиешеси бар деп дагы бир адамга издөө жарыялады. Ал Акжол Мамарасул уулу. Ош шаарынын тургуну. Буга чейин карактоо, ээн баштык ж.б. беренелер боюнча соттолгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости