www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирактын Күрдстан аймагындагы Эрбил шаарында премьер-министр Масрур Барзанига тиешелүү кеңсеге жана чалгын кызматынын жетекчисинин резиденциясына дрондор менен сокку урулду.

Жергиликтүү маалыматтарга караганда, чабуул эки жардыруучу дрон – Hadid-110 менен жасалып, алар Иран тараптан учурулган. Окуя түнкү саат 00:28де Салахаддин аймагында болгон.

Кол салуудан адам өмүрү кыйылган эмес жана жабыркагандар катталган жок. Күрдстан бийлиги чабуулду кескин айыптап, аны аймактагы коопсуздукка түздөн-түз коркунуч жараткан «кооптуу эскалация» деп атады.

Иран тарап азырынча окуя боюнча расмий комментарий бере элек.

Последние новости