www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин басма сөз кызматы

Бишкекте өтө турган ШКУ саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлөт
Бишкек шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата коопсуздук чараларын күчөтүү максатында Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамына саптык кароо өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө кызматкерлердин кызмат өтөөгө даярдыгы, сырткы көрүнүшү, кызматтык тартипти сактоосу жана алдына коюлган милдеттерди аткарууга даярдыгы текшерилди.

Мындан тышкары, эл аралык деңгээлдеги иш-чаралар өтүп жаткан учурда коомдук коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуу, жарандардын коопсуздугун сактоо боюнча кызматкерлерге тиешелүү тапшырмалар берилди.

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча коюлган милдеттерди так жана жоопкерчилик менен аткарууга даяр.
 

Последние новости