www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
28-февралда Иранга каршы кең масштабдуу аскердик операция башталганын жарыялаган АКШнын президенти Дональд Трамптын кийинки максаты Куба болот.
АКШ лидеринин администрациясындагы булакка таянып, бул тууралуу The Atlantic гезити жазган.
Басылманын булактарынын маалыматына караганда, Трамп өзүн башкалар баштаган ишти аягына чыгарууга эрки жеткен АКШнын биринчи президенти катары эсептейт. Ал жүргүзүп жаткан реформалар аны мурдагы президенттер – Рональд Рейган, Жимми Картер жана Ричард Никсондон да жогору деңгээлге көтөрөт деп ишенет.
Буга чейин Дональд Трамп АКШ Кубаны “достук жол менен басып алышы мүмкүн” экенин айткан. Ошондой эле ал Гавана Вашингтон менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кошумчалаган.
АКШ президенти Кубаны, жумшак айтканда, “ишке ашпай калган мамлекет” деп атаган.
- Мамкатчы Марко Рубио бул маселе менен өтө жогорку деңгээлде алектенип жатат. Билесиздер, аларда акча да, мунай да, азык-түлүк да жок. Учурда бул өлкө чынында эле оор абалда, жана алар биздин жардамга муктаж, - деген Трамп Куба тууралуу.
Булак: NazarNews