www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн “Саханд Антитеррор 2025” биргелешкен антитеррордук машыгуулары Ирандын түндүк-батышында жайгашкан Чыгыш Азербайжан провинциясында башталды.

Бул тууралуу Ислам революциясынын сакчылар корпусунун кургактагы күчтөрүнүн коомчулук менен байланыш кызматы билдирди.

Машыгуулар 1-декабрда башталып, беш күнгө созулат.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Багаи жумалык брифингде билдиргендей, өлкөнүн түндүк-батышындагы бул антитеррордук машыгууларга беш өлкө, ошондой эле башка мамлекеттер, жалпысынан 13-14 өлкө катышууда.

Багаи белгилегендей, бул машыгуулар Ирандын терроризмге каршы күрөшкө канчалык маани бергенин көрсөтөт. Тышкы иштер министрлигинин өкүлүнүн айтымында, машыгуулар коопсуздук боюнча эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө салым кошо алат.

Ирандын тышкы иштер министринин укуктук жана эл аралык иштер боюнча орун басары Казем Гарибабади Ислам Республикасынын коопсуздугуна жана аймактык бүтүндүгүнө каршы багытталган ар кандай агрессивдүү аракеттерге каршы туруудагы Ирандын куралдуу күчтөрүнүн тажрыйбасы жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып жатып, бул машыгууларды аймактык коопсуздуктун жаңы архитектурасына ылайык биригүү жана коалиция түзүү иш-чарасы катары сыпаттады.

“Иран Ислам Республикасы терроризмдин негизги курмандыктарынын бири жана ар дайым терроризмге каршы күрөштүн алдыңкы сабында болуп келген жана терроризмдин бардык формаларына каршы турууда баалуу тажрыйбага ээ. Бул машыгуу Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин бул багытта тажрыйба алмашуусуна жана синергетикасына платформа болуп берет”, – деди Гарибабади.

Буга чейин октябрдын аягында ШКУнун аймактык антитеррордук түзүмүнүн аткаруу комитетинин директору Уларбек Шаршеев 4-декабрда Ирандын Тебриз шаарына жакын жерде ШКУ өлкөлөрүнүн биргелешкен антитеррордук машыгуусу жана жабылыш аземи күтүлүп жатканын билдирген.

Последние новости