www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Гонконг бийлиги дүйшөмбү күнү өрттү иликтөө учурунда 13 адам камакка алынганын билдирди. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.
Бийлик өкүлдөрү өрт учурунда имараттардын бамбук каркастарынын айланасына оролгон жашыл тордун бир нече үлгүлөрүнүн сыноолору өрткө туруктуулук стандарттарына жооп бербегенин билдиришти. Оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жаткан подрядчылар бул сапатсыз материалдарды жетүүгө кыйын жерлерде колдонуп, аларды инспекторлордон жашырышкан. Көбүктүү изоляция да жалындын жайылышына өбөлгө түзгөн жана комплекстин өрт сигнализациясы жакшы иштебей калган.
Ошол эле учурда полиция өрттөнүп кеткен 7 мунаранын ичинде издөө-куткаруу иштерин жүргүзүп, тепкичтерде жана чатырларда камалып калган тургундардын сөөктөрүн табышууда. Өрттөн каза болгондордун саны 151ге жетти, 40тан ашык адам дайынсыз. Сөөктөрдү издөө бир нече жумага созулушу мүмкүн, бирок полиция кызматкери Цан Шук-ин журналисттерге дайынсыз жоголгон адамдардын айрымдары эч качан табылбай калышы мүмкүн экенин айтты.