www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иран менен АКШнын ортосундагы Ирандын өзөктүк маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасы Женевада 26-февралда өтөт. Бул тууралуу Омандын тышкы иштер министри Бадр аль-Бусаиди билдирди.
"АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөр ушул бейшемби күнү Женевада өтөт, келишимди аягына чыгаруу үчүн кошумча аракеттер көрүлөт", - деп Омандын тышкы иштер министри Бадр аль-Бусаиди Х социалдык тармагында жазды.
Эске сала кетсек, Омандын тышкы иштер министри Бадр аль-Бусаидинин ортомчулугу менен Иран менен АКШнын ортосундагы кыйыр сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы 6-февралда Оманда аяктаган.
Алэми, 17-февралда сүйлөшүүлөр Женевада, Омандын БУУдагы элчисинин резиденциясында улантылды. Экинчи айлампадан кийин Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи тараптар андан аркы сүйлөшүүлөрдүн негизин түзө турган негизги принциптер боюнча макулдашканын жарыялады.