www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын соккусунан Амепиканын Бахрейндеги аскердик базасы жана Ирактын Эрбил шаарындагы консулдугу жок кылынды. 

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын маалыматына ылайык, соккулар Перс булуңу аймагындагы бир катар америкалык аскердик объектилерге багытталган.

The Times гезити жүргүзгөн спутниктен алынган сүрөттөрдүн жана текшерилген видеоматериалдардын талдоосу Иран Жакынкы Чыгыштагы АКШнын объектилеринин коргонуу тутумундагы алсыз жерлерди аныктаганын көрсөткөн.

Басылманын иликтөөсүнө ылайык, ишемби күнкү АКШ менен Израилдин чабуулдарынан бери Иран аймактагы АКШнын кеминде алты аскердик объектисине сокку урган. Адистер белгилегендей, канча ок-дары колдонулганы жана чабуулдардын канчасы тосулуп калганы так белгисиз. Ошентсе да бул окуялар аталган объектилердин келечектеги соккуларга даярдыгына күмөн жаратат.

Ишемби жана жекшемби күндөрү соккулар Бахрейнде, Иракта, Бириккен Араб Эмираттарында, ошондой эле Кувейттеги үч объектте катталган. Жабыркаган жабдуулардын арасында спутник байланыш системаларынын элементтери жана башка маанилүү инфраструктуралык курулмалар бар экени айтылууда.

Последние новости