www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчиси Алмасбек Абытов бүгүн, 3-мартта, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин адам өлчөмү боюнча департаментинин жетекчиси Кристофер Блэр менен жолугушту.
Жолугушуунун алкагында Жогорку Кеңештин алдында билим берүү ресурстук борборун түзүү үчүн жабдууларды өткөрүп берүү боюнча Макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү. Аталган Макулдашууга Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчиси Алмасбек Абытов жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин адам өлчөмү боюнча департаментинин жетекчиси Кристофер Блэр кол коюшту.
Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчиси Алмасбек Абытов билим берүү ресурстук борборун түзүү үчүн техникалык колдоо көрсөтүп, жабдууларды өткөрүп бергендиги үчүн ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди. «Берилген жабдууларды колдонуу аркылуу эл аралык эксперттер менен онлайн семинарларды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана региондогу шайлоочулар менен онлайн жолугушууларды өткөрө алабыз. Бул мүмкүнчүлүк коомдун кеңири катмарларын демократиялык өнүгүү процесстерине тартууга жана тажрыйба алмашууга жол ачат», - деп белгилеп, Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчиси ЕККУ тарабынан көрсөтүлүп жаткан мындай колдоо ишенимге жана өз ара түшүнүшүүгө негизделген эл аралык өнөктөштүктүн үлгүсү экенин кошумчалады.
ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин адам өлчөмү боюнча департаментинин жетекчиси Кристофер Блэр билим берүү ресурстук борбору парламенттин кызматкерлеринин кесиптик потенциалын системалуу түрдө жогорулатууга мүмкүндүк берерин жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн баса белгиледи. Ал ошондой эле ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси Жогорку Кеңештин алдындагы Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору жана Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы Миграция маселелери жана адам сатууга каршы аракеттенүү боюнча кеңеш менен тыгыз кызматташып келе жатканын эске салды.
Жолугушууга Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчисинин орун басарлары Мария Исанова, Кубатбек уулу Нарынбек, Жогорку Кеңештин алдындагы Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борборунун директору Айжан Джакшылыкова катышты.