www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иран АКШны жеңгенин жар салды

Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңеши АКШ президенти Дональд Трамптын эки жумалык элдешүү тууралуу айтканынан кийин Американы жеңгенин жар салды. 

"Иран АКШны 10 пунктудан турган планды кабыл алдырып, улуу жеңишке жетти", - деп айтылат Ирандын мамлекеттик телерадиокомпаниясы тараткан билдирүүдө.

Өлкөнүн Коопсуздук кеңеши АКШ Ормуз кысыгын көзөмөлдөө укугу Тегеранда калтырууга, кенемте төлөп берүүгө, уран байытууга уруксат берүү менен санкцияларды алууга жана Жакынкы Чыгыштан аскерин чыгарып кетүүгө макул болгонун белгилеген.

АКШ менен сүйлөшүү 10-апрелде Пакистанда башталат. Тегеран эки жума убакыт бөлгөн. Бул мезгил арылыгында ок чыгарылбайт. Ирандын Коопсуздук кеңеши сүйлөшүү процесси АКШ менен согуш аяктады дегенди түшүндүрбөй турганын кошумчалап, эки жума ичинде Америка жазып-тайса катуу жооп аларын эскертти.

Ирандын жеңиши тууралуу билдирүүсүнөн кийин АКШ президенти Дональд Трамп аны жарыялаган CNN телеканалын сынга алды. 

Анын айтымында, Тегеран жалган маалымат таратууда.Трамп жеңиш тууралуу билдирүү "нигериялык фейк сайты" менен байланыштуу экенин белгилеген. Ал телеканалдан маалыматты өчүрүүнү талап кылып, жакын арада иликтөө жүргүзүүнү убадалады.

Последние новости