www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ мындан ары Перс жана Оман булуңдарына, ошондой эле Ормуз кысыгына кире албайт. Бул тууралуу 16-августта Иран армиясынын командачысы, генерал Амир Хатами билдирди.
«Америкалык базалар эч кандай шартта мурдагы абалына кайта албайт. Иран өзүнө жакын жерде ислам республикасына коркунуч жаратууну көздөгөн объектилердин түзүлүшүнө эч качан жол бербейт. Бирден-бир жол — америкалыктардын аймактан чыгып кетиши. Аларга мындан ары Перс булуңуна, Оман булуңуна жана Ормуз кысыгына кирүүгө уруксат берилбейт», — деп анын сөздөрүн Mehr агенттиги келтирди.
Хатами ошондой эле Иран бул багытта буга чейин эле жеңишке жетишкенин белгиледи. Анын айтымында, АКШ Иранды жеңе алабыз деп ойлогон, бирок бул «ката».
АКШ президенти Дональд Трамп 14-августта жакын арада Ормуз кысыгын «АКШнын аймагы» деп жарыялоону көздөп жатканын билдирген. Анын пикиринде, мындай чечим Иранды жеңгенден кийин кабыл алынат.
Ал эми Орусиянын Венадагы эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Михаил Ульянов 15-августта Трамптын Ормуз кысыгын америкалык аймак деп жарыялоо ниети тамашага окшош экенин айткан.