www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Интерпол линиясы боюнча эл аралык издөөдө жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ички иштер министрликтери тарабынан биргелешкен ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, 2025-жылдын 23-августунда Бириккен Араб Эмираттарынан Интерпол линиясы боюнча эл аралык издөөдө жүргөн, алдамчылыкка шектелген 1971-жылы туулган К.Э. кармалып, Кыргызстанга экстрадцияланды. Кылмыш ишинин материалдарына ылайык, ал 2017-жылдын декабрынан 2018-жылдын январь айына чейинки аралыкта К.В. аттуу жарандын ишеничине кирип, туруктуу киреше табуу максатында «Фаргокоин» криптовалютасын сатып алабыз деген шылтоо менен 22 000 АКШ долларын жана 1 000 000 сом акча каражатын алдап алып, белгисиз тарапка изин жашырып кеткен.

Мындан тышкары, Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн дагы бир шектүү - 1966-жылы туулган С.И.ге карата экстрадициялоо процедурасы аяктады. Ал 2015-жылы Бириккен Араб Эмираттарынын аймагында жергиликтүү мыйзамдарды бузгандыгы үчүн кармалып, Дубай шаарындагы убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

С.И. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 213 (ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу), 346 (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) жана 350 (билип туруп жасалма документтерди пайдалануу) беренелеринде каралган кылмыштарды жасоого айыпталууда.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал башка бирөөнүн атына жазылган жасалма документтерди, анын ичинде туулгандыгы тууралуу күбөлүктү, паспортту жана ID -картаны мамлекеттик чек арадан өтүү жана ишкердик ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн колдонгон. Ошондой эле ЖЧКлардын биринин негиздөөчүсү болуп, компаниянын директору менен тил табышып, салык төлөөдөн качуу схемасын уюштурган. Натыйжада мамлекетке келтирилген зыян 18 миллион сомдон ашкан.

Кармалган жарандар Кыргыз Республикасына алынып келинип, зарыл процессуалдык иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн тергөө органдарына өткөрүлүп берилди.

Аталган адамдарды издөө, кармоо жана экстрадициялоо боюнча иштер Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана УКМК менен биргеликте жүргүзүлдү.

 

Последние новости