www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Интернет алдамчылыгы менен алектенген эл аралык топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын ички иштер министрликтериндеги кесиптештери менен биргеликте «SIM-BOX» адистештирилген түзүлүштөрүн жеткирүү жана пайдалануу каналын уюштурган трансулуттук кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюшту. Бул технологиялардын жардамы менен кылмышкерлер интернет алдамчылыгын жасап келишкен. Алардын колунан КМШ өлкөлөрүнүн көптөгөн жарандары жабыр тартышы мүмкүн.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарында чет өлкөнүн жараны 1994-жылы туулган Х. Н. кармалган. Кураторлордун көрсөтмөсү менен ал Россия менен Казакстандын аймагында «SIM-BOX» жабдууларын орнотуу жана тейлөө менен алектенген. Ошондой эле кылмыштуу схеманын үзгүлтүксүз иштешин уюштуруу үчүн Кыргызстанга келген.
Убактылуу жашаган жери боюнча тинтүү жүргүзүү учурунда төмөнкүлөр табылып алынган: «SIM-BOX» блогу 32 слоту менен, USB-топтогуч, жергиликтүү жана чет өлкөлүк уюлдук операторлордун 71 SIM-картасы, ошондой эле «MicroTic» чет өлкөлүк түзүлүш, Wi-Fi роутер, ноутбук, «Huawei» үлгүсүндөгү уюлдук телефон, чет өлкөлүк банкттын банктык картасы.
Эскерте кетсек, «SIM-BOX» түзүлүшү мобилдик номурларды түзүү жана алмаштыруу үчүн колдонулат. Аны колдонгондо алуучу үчүн чалуулар жергиликтүү номурлардан чалып жаткандай көрүнөт. Бирок, бул чабуулчуларга өз аракеттерин жашырууга жана күч түзүмдөрүнүн же болбосо каржы мекемелеринин кызматкерлери тарабынан өздөрүн тааныштырууга мүмкүндүк берет. Ушул сыяктуу схемалар аркылуу алдамчылар мессенджерлер менен номурларды байланыштырып, жарандарды алдоо максатында чалууларды жүргүзүшөт.
Милициянын дыкат жүргүзүлгөн иш-аракеттеринин аркасында масштабдуу алдамчылыктын алдын алууга жана жарандарды кылмыштуу кол салуулардан коргоого мүмкүн болду.