www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Индонезиядагы Анак-Кракатау жанар тоосунун атылышынан улам жергиликтүү сегиз аэропорт жабылды. Бул тууралуу ТАСС Antara агенттигине шилтеме берүү менен билдирди.
Буга чейин Индонезиянын бийлиги алты аэропорттун ишин токтотконун маалымдаган. Учурда алардын катарында өлкөнүн борбору Жакарта шаарын тейлеген Сукарно-Хатта жана Халима Перданакусума аэропорттору да убактылуу жабылды. Мындан тышкары, Лампунг провинциясындагы, ошондой эле Бандунг, Куруг, Түштүк Тангеранг, Песисир-Барат жана Пагар-Алам аймактарындагы аэропорттордо каттамдар токтотулду.
Анак-Кракатау жанар тоосунун атылышы 4-сентябрдын кечинде башталып, лаванын атылышы, катуу күркүрөгөн үндөр жана жер титирөөгө окшогон термелүүлөр менен коштолгон. Спутниктен алынган маалыматтарга ылайык, жанар тоонун күлү деңиз деңгээлинен болжол менен 14,6 чакырым бийиктикке чейин көтөрүлгөн. Учурда жабыркагандар тууралуу маалымат түшө элек.
Анак-Кракатау жанар тоосунун активдүүлүгү быйыл июль айында күчөгөн. Ошол учурда жергиликтүү бийлик коркунуч деңгээлин төрт баллдык шкала боюнча үчүнчү деңгээлге көтөргөн.