www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Илмияновдун ишине салыкчы да илешкен

Икрамжан Илмияновго 150 миң долларды мыйзамсыз ээлеп алды деп шектелип, Кылмыш - жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү ("Ири өлчөмдөгү алдамчылык") боюнча айып тагылган.

Ага козголгон кылмыш ишинин алкагында Салык кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын мурдагы инспектору Шакиров дагы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө.

Башкы прокуратура материалдарды карап чыгып, айыптоочу актыны бекитип, кылмыш иши Октябрь райондук сотуна жиберилген.

Эске сала кетсек, 2018-жылдын октябрь айында УКМКнын кызматкерлери Илмияновду Москвадан кармап, Кыргызстанга алып келген. Ал алдамчылыкка шектелип УКМКнын убактылуу жайына камакка алынган. 2019-жылдын башында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Илмиянов чет элдик компаниянын ишин токтотуп берүү үчүн 150 миң доллар пара алган деп шектелип жатканын айткан.

Булак: Багыт.kg

Последние новости