www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ жакында камакка алынып, жалгыз камерага которулган мурдагы президенттин эң ишенимдүү адамы “шопур” деген лакап аты бар Икрамжан Илмияновдун тарапташтары Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдына чогулушту.
Алар соттон Икрамжан Илмияновдун ишин адилеттүү карап беришин жана баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруусун талап кылып жатышат. Ошондой эле алар Илмиянов пара алып, күнөөлүү болуп жатса, анда пара берген адамды неге кошо кармашпаганына нааразы болушту.
Илмияновдун тарапташтары бир беткей каралап, мамлекеттин чыккынчысындай сүрөттөп жатканына ичтери ачышканы үчүн Бишкекке келишкенин, баш коргоо чарасы каралып жаткан мезгилде айтышты.
“Икрамжан чоң кылмышкердей кармалып, камакка алынып, караланып жаткандай жаман адам эмес. Ал эл үчүн иштеген инсан. Ал Лейлекке жол, мектеп, бала бакчаларды салдырып берди”- деди тарапташтары.
Булак: NazarNews.kg