www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде Эл аралык полиция ассоциациясынын (ЭПА) президенти Мартин Хоффманн жетектеген делегация менен жумушчу жолугушуу өттү.
ИИМден билдиришкендей, жолугушууга ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов катышып, тараптар эл аралык кызматташууну өнүктүрүү, кесиптик байланыштарды чыңдоо, тажрыйба алмашуу жана укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Октябрь Урмамбетов ИИМ чет мамлекеттердин укук коргоо органдары жана эл аралык уюмдар менен кызматташууну ырааттуу өнүктүрүп келе жатканын белгилеп, алдыңкы тажрыйбаны өздөштүрүү кызматкерлердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга жана ички иштер органдарынын ишинин натыйжалуулугун арттырууга өбөлгө түзөрүн айтты.
Жолугушууда ошондой эле коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, укук бузуулардын алдын алуу, жарандардын милицияга болгон ишенимин бекемдөө жана калк менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Жыйынтыгында тараптар өнөктөштүк мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашууга жана укук коргоо тармагындагы биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экенин ырасташты.