www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов 11-январь күнү БШКнын басма сөз борборунда өткөн маалымат жыйынында төмөнкүлөрдү билдирди.
“Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, өлкө аймагында шайлоо иш-чарасы учурунда ички иштер органдарынын 11 миңден ашык кызматкери “күчөтүлгөн тартипте” коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылды. Анын ичинде, 2 миң 426 шайлоо участогундагы коопсуздукту 5 миң 400дөн ашык кызматкер камсыздап, ыкчам чара көрүүчү 280ден ашык документтештирүү топтору иш алып барды”,-деп Октябрь Урмамбетов маалымат жыйында билдирди.
“Жалпысынан шайлоого байланыштуу 112 факты катталган. Анын ичинде, 2021-жылдын 10-январына чейин 78 факты, 10-январь күнү 34 факты. Катталган 112 фактынын ичинен, 102 фактысы боюнча мыйзам чегинде тиешелүү чечимдер кабыл алынып, 7 факты кылмыштарга, 3 факты жоруктарга сотко чейинки өндүрүштөр жүргүзүлүүдө. Чечим кабыл алынган 102 фактынын ичинен, 12 фактысы Аймактык шайлоо комиссияларына жөнөтүлгөн.
"Учурдан пайдаланып, коомдук коопсуздукту камсыздоого көмөк көрсөткөн жергиликтүү бийлик органдарына, ички иштер органдарынын ардагерлерине, элдик кошуундарга жана кызматкерлердин тартипти сактоосуна шарт түзүүгө көмөк көрсөткөн Борбордук шайлоо комиссиясынын жалпы жамаатына, эл аралык байкоочуларга Ички иштер министринин жана өзүмдүн атымдан терең ыраазычылык билдирем",- деди министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов .
Андан сырткары, Октябрь Урмамбетов коомдук тартипти камсыздоого тартылган бардык күчтөргө ыраазычылыгын билдирди.
Белгилей кетсек, өткөн жылдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо менен, кечээки Президенттик шайлоодогу мыйзам бузууларды салыштырып карап көргөндө, Президенттик шайлоо учурунда мыйзам бузуулар 468 учурга же 80,7% аз. Өткөн шайлоодо жалпы 580 мыйзам бузуу боюнча маалыматтар катталып, анын ичинде 175 кылмыштар, 115 жоруктар, 18 бузуулар жана ар түрдүү маалыматтар боюнча 272 факты катталган. Бул салыштырмалуу көрсөткүч - жарандарыбыздын шайлоого карата жоопкерчилиги жогору болгондугунан, туруктуулук жана өнүгүү үчүн ар бир жараныбыз кайдыгер эмес экендигинен кабар берет. Азыркы учурда өлкөдө коомдук-саясий кырдаал туруктуу жана ички иштер органдарынын көзөмөлүндө.
"Азыркы учурда, өлкө аймагында коомдук саясий кырдаал туруктуу, одоно тартип бузуулар орун алган жок, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда",- дейт Урмамбетов.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg