www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМ: Ири алдамчылыкка шектүү кармалды

Ири алдамчылыкка шектүү кармалганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 27-28-август күндөрү белгисиз адамдар өздөрүн Улуттук банктын жана УКМКнын кызматкерлери катары тааныштырып, 1958-жылы туулган А.Б. аттуу жаранды алдап, жалпы 600 000 сом акчасын мыйзамсыз ээлеп алышкан.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган К.З. аттуу жаран аныкталып кармалган. Шектүүнүн жанынан Кыргыз Республикасынын уюлдук байланыш операторлоруна таандык 700 активдештирилген SIM-карта табылып, алынган.

Аныкталгандай, кармалган жаран кылмыштуу схемада «активатор» ролун аткарган. Анын милдетине SIM-карталарды өзүнүн атына же башка адамдардын атына каттоо, активдештирүү жана номерлерди WhatsApp мессенжерине байлоо менен кийинчерээк үчүнчү жактарга сатуу кирген.

Соттун чечими менен шектүү жаранга карата камакка алуу баш коргоо чарасы талдалып алынган. Тергөө иштери улантылууда.

Последние новости