www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы ооган тектүү баңгизаттарды таратуу менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.

Министрликтин маалыматына ылайык, 2026-жылдын июнь айында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарында 1990-жылы туулган З.у.Э. жана 1993-жылы туулган М.у.М. аттуу жарандар кармалган.

Алардын жашаган жерлеринде жүргүзүлгөн тинтүү учурунда ооган тектүү «героин» баңгизаты жана «ME 8 Police» үлгүсүндөгү ок атуучу тапанча табылып, алынган.

Ыкчам маалыматтарга ылайык, кармалгандардын бири Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү экени аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси («Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо») менен кылмыш иши козголду.

Учурда алынган баңгизаттар жана ок атуучу курал боюнча тиешелүү соттук экспертизалар дайындалып, кылмыштуу топко тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери улантылып жатат.

Последние новости