www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Tez Jet авиакомпаниясынын лицензиясы жокко чыгарылды

Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги TezJet авиакомпаниясынын лицензиясын жокко чыгарды.

Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин инспекторлору TezJet авиакомпаниясынын ишмердүүлүгүнө пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүштү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын авиациялык мыйзамдарынын талаптары одоно бузулганы аныкталып, бул мыйзам бузуулар учуулардын коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч жаратары белгиленди.

Аныкталган мыйзам бузууларга байланыштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги мыйзамда белгиленген тартипте TezJet авиакомпаниясынын лицензиясын жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.

«Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин өзгөрүлгүс артыкчылыгы. Учуу коопсуздугуна коркунуч жараткан ар бир авиакомпанияга карата анын аталышына, канча жылдан бери иштеп келе жатканына же авиация рыногундагы ордуна карабастан эң катаал чаралар көрүлөт», - деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Эскерте кетсек, 7-июлда Бишкек шаарындагы "Манас" эл аралык аэропортунда TezJet компаниясынын учагы кырсыкка кабылган.

Бшкек - Ош багыты боюнча учуу учурунда арткы шасси тирөөчтөрүнүн бири сынып, натыйжада учак сол канаты тарапка ооп кеткен. Учуу тилкесинде ылдамдык анча чоң эмес болгондуктан, учкучтар учакты токтотушкан.

Токтогондон кийин учак сол капталына кулап, авиакеросин төгүлгөн.

Последние новости