www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров айрым аймактарда кошумча дем алыш күндөрүн белгилөө маселесин убактылуу укуктук жөнгө салуу жөнүндө жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, 2026-жылдын 15-июлунан 2027-жылдын 1-июлуна чейин Кыргызстандын айрым аймактарында кошумча дем алыш күндөрүн белгилөө боюнча жаңы механизм сыноодон өткөрүлөт.

Ага ылайык, Министрлер Кабинетине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу аркылуу калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, эл аралык жана мамлекеттик маанидеги иш-чараларды өткөрүү же өзгөчө кырдаалдарда ыкчам чечим кабыл алуу зарыл болгон учурда айрым аймактарда дем алыш күндөрүн жарыялоо укугу берилет.

Белгиленген дем алыш күндөрүндө кызматкерлердин орточо күндүк эмгек акысы сакталат.

Ошондой эле Министрлер Кабинети тиешелүү чечимдерди кабыл алууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашууну камсыз кылат.

Ал эми Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2027-жылдын 1-февралына чейин бул механизмдин алгачкы жыйынтыктарына мониторинг жүргүзүп, оң бааланган учурда тиешелүү мыйзамдык актылардын долбоорлорун иштеп чыгат.

Последние новости