www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмүндөгү (Коррупция) белгилер боюнча А. Батукаевди эркинен ажыратуу жайынан мыйзамсыз бошотуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иликтенүүдө.

Азыркы учурда, сотко чейинки өндүрүш боюнча 19 шектүүгө маалымдама тапшырылып, Б. Табалдиев шектелип жаткандыгы жөнүндө сырттан маалымдалып, ал эл аралык издөөгө, анын ичинен Интерпол багыты боюнча дагы издөөгө алынган.

14 шектүү тергөө менен кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшса, ал эми 5 шектүү макулдашууга кол коюшкан жок. 18 шектүү кылмыш иштин материалдары менен таанышып, 2019-жылдын 27-сентябрында кылмыш иштин материалдары Башкы прокуратурага кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуу болгондугун изилдөө жана сотко жөнөтүү үчүн жиберилди, деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости