www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ички иштер органдарынын бир катар кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Мамлекеттик сыйлыктар кызматтык милдеттерин ак ниет аткаргандыгы, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө, мыйзамдуулукту жана коомдук тартипти камсыз кылууга кошкон олуттуу салымы, ошондой эле оор жана өзгөчө оор кылмыштарды ачуудагы эмгеги үчүн берилди.

«Эрдик» ордени менен:
Акунбеков Талайбек Акунбекович — Чүй облусунун ИИББнин Тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын полковниги;
Алагозов Эркин Жумакадырович — ИИМдин Тез чара көрүүчү атайын отрядынын ыкчам кызматкери-жоокери, милициянын подполковниги;
Алсеитов Самат Жусупович — ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын алтынчы башкармалыгынын башчысынын орун басары, IT-технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштарды ачуу бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги.

«Ардак» медалы менен:
Аширбаев Өмүрбек Кубанычбекович — ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы, милициянын майору;
Турганбаева Асылбека Жумабаевича — Бишкек шаарынын ИИББнин Тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын подполковниги.
Мындан тышкары, ички иштер органдарынын ардагери Киязов Кемелбек Абдыкадыровичке III даражадагы «Манас» ордени ыйгарылды.

Ал кыргыз милициясын өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө кошкон салымы, мыйзамдуулукту камсыз кылуудагы жана жаш муундарды тарбиялоодогу эмгеги үчүн, ошондой эле Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына байланыштуу сыйланды.

ИИМдин маалыматына ылайык, мамлекеттик сыйлыктар кызматкерлердин кесипкөйлүгүнө, өз кызматына берилгендигине жана көп жылдык эмгегине берилген жогорку баа болуп саналат.

Последние новости