www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Баткен» базарындагы чыр: милиция окуя боюнча маалымат берди

2026-жылдын 13-сентябрында социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда милиция кызматкерлери Бишкектеги «Баткен» базарынын аймагында жарандардын ортосунда болгон чыр тууралуу маалыматты аныкташкан.

Бул факты Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын Маалыматтарды эсепке алуу журналына катталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө окуяга катышкан 2006-жылы туулган О.Б. жана 1998-жылы туулган С.Б. милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Милициянын маалыматына караганда, О.Б. арыз жазуудан баш тарткан. Ошондой эле социалдык тармактарда тараган анын эпилепсия менен ооруй турганы тууралуу маалымат тастыкталган эмес. Бул божомол окуяга күбө болгон адамдар тарабынан айтылып, видеого түшүп калган.

Ал эми 1998-жылы туулган С.Б.га карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси — «Майда бейбаштык» боюнча протокол түзүлгөн. Топтолгон материалдар мыйзамда белгиленген тартипте чечим кабыл алуу үчүн сотко жөнөтүлөт.

Ленин райондук ички иштер башкармалыгы жарандарды коомдук тартипти сактоого, чыр-чатактарга жана мыйзамга каршы аракеттерге жол бербөөгө чакырды. Талаш-тартыштарды күч колдонбостон, мыйзам чегинде жана башка жарандардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузбастан чечүү зарылдыгын белгиледи.

Последние новости