www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кун мурун Ички иштер министрлигинде «Белгисиз окуя» тасмасынын жабык көрсөтүүсү болуп өттү.

Ички иштер министрлигинде ата мекендик киноиндустрияда жаралган жаңы «Белгисиз окуя» аттуу психологиялык драмасынын жабык көрсөтүүсү өткөрүлдү. Бул тасма Кыргыз Республикасынын ИИМдин колдоосу менен тартылган.

Иш-чарага Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, ИИМдин Генералдар кеңешинин төрагасы Садырбек Дубанаев, милициянын генерал-лейтенанты Бексултан Ишимов жана ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Бакыт Сеитов, ошондой эле ИИМдин бөлүм башчылары катышты. Андан сырткары, жабык көрсөтүүгө Жогорку Кеңештин депутаттары, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, мамлекеттик кызматкерлер, блогерлер, маданият жана спорт чөйрөсүндөгү ишмерлер жана башка чакырылган коноктор катышты.

Бул тасма коноктордун кызыгуусун арттырып, сюжетте көрсөтүлгөн актуалдуу маселелер жандуу талкуулады. Коноктор мындай демилгелердин маанилүүлүгү коомдогу социалдык маселелерди ачып көрсөтүүгө, коомчулуктун аң-сезимин өнүктүрүүгө жана улуттук кинематографияны колдоого багытталгандыгын белгилешти.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов тасманын терең маанисин айтып, мындай долбоорлор коомдогу көйгөйлөрдү ачык талкуулоого өбөлгө түзөөрүн, жарандарда жоопкерчиликтүү мамиленин калыптанышына шарт түзөрүн жана улуттук кинематографиянын өнүгүшүнө салым кошорун баса белгиледи. Ал тасманын жаратуучуларына ыраазычылыгын билдирип, Ички иштер министрлиги мындан ары да коомдун руханий жана маданий баалуулуктарын чыңдоого багытталган демилгелерди колдой тургандыгын айтты.

Иш-чаранын соңунда конокторго ИИМдин ыраазычылык каттары жана сыйлыктары тапшырылды.

 

Последние новости