www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Түркмөнстан үчүн келечектүү өнөктөш, бирок быйылкы товар жүгүртүү көлөмүнүн өскөнүнө карабастан, жалпысынан эки тараптуу кызматташуунун деңгээлин жогору деп эсептөөгө болбойт. Бул тууралуу Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов бүгүн, 28-июнда Садыр Жапаров менен кеңейтилген форматтагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, толук кандуу кызматташуу үчүн тоскоолдуктарды четтетүү керек.

Ал күн тартибинде турган негизги маселелер катары жалпы тынчтыкты, туруктуулукту сактоо жана колдоо, террордук коркунучтарга каршы туруу жана Афганистандагы кырдаалды жөнгө салуу деп атады.

«Түркмөнстан ар дайым региондогу көйгөйлөрдү тынчтык жолу жана БУУнун уставына ылайык, эл аралык укуктардын принциптери менен ченемдерин сактап, ынак коңшулук, бири-бирин сыйлоо принциптери менен чечүүнү жактайт», - деп белгиледи Бердымухамедов.

Кыргызстан президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар экология, айлана-чөйрө темасы боюнча өз ара кызматташууга да көңүл бурушту. Атап айтканда, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери менен күрөшүү боюнча биргелешкен иштерди бир кыйла жандандыруу керек экенин айтышты.

Бердымухамедовдун айтымында, түркмөн-кыргыз сүйлөшүүлөрүндө афган темасы маанилүү орунду ээлейт. Баары Афганистанды тынчтык жолундагы, гүлдөгөн мамлекет, ынак коңшу катары көргүсү келет.

Ошону менен бирге Түркмөнстан Кыргызстан менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет.

Түркмөнстандын президенти Кыргызстандын президенти менен делегациясына ыраазычылыгын билдирип, чакан форматта бардык орчундуу маселелер талкуулангандыгын, алар боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынарын белгиледи.

Мындан тышкары, сүйлөшүүлөрдө тараптар отун-энергетика комплекси, транспорт, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү кыргыз-түркмөн эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Биргелешкен көргөзмөлөрдү ырааттуу өткөрүп туруу, эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун байланыштарын өнүктүрүү сунуштары айтылды.

Гурбангулы Бердымухамедов энергетика тармагындагы эки тараптуу кызматташууну сүйлөшүүлөрдүн маанилүү учуру катары белгиледи. Атап айтканда, түркмөн жаратылыш газын жана электр энергиясын Кыргызстанга жеткирүү жөнүндө сөз болду.

Бердымухамедовдун айтымында, түркмөн тарап Кыргызстандын бардык муктаждыктарын канааттандырууга жана техникалык, уюштуруу маселелерин талкуулоого даяр.

«Мен дагы бир жолу саясий эркимди баса белгилегим келет, биз бул маселелерге даярбыз» - деп билдирди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости