www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Бейшеналы Нурдинов министрдин жыйынга келбегенине нааразы болду. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

"Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев менен качан таанышабыз? Эмне статс-катчы бир нерсе чечеби? Министр жыйынга эмнеге келбей жатат?", - деп сурады депутат.

Социалдык маселелер, билим берүү жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрайымы Гүлкан Молдобекова министрге байланышканын айтты. "Мен министр менен байланышкам. Инвестиция тартуу боюнча жыйын өтүп жатыптыр "жетишсем келип калам" деген", - деди ал.

Нурдинов: "Өңүнөн көрүп, таанышып коёлу. Келеби же биз баралыбы? Жеке ар бирибизге келип, таанышып кетсин. Суроо абдан көп", - деди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости