www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ казактарды эмнеге колдоп жатат?

Кошмо Штаттары Алматыда Шинжаңдагы жакындарын бошотууну өтүнүп, Кытай консулдугунун астына бир канча убактан бери чыккан жарандардын укугун колдойт.

Бул тууралуу АКШнын Казакстандагы элчиси Уильям Мозер дүйшөмбүдө маалымат жыйынында билдирди.

“Биз талашсыз болгон тынч жыйындарга чогулуу укугун колдойбуз. Бул жарандар жөн эле тынч чогулуп жатышат. Албетте, биз Казакстан боюнча өз пикирибизди айттык. Мен азыр Казакстанга карата санкциялар киргизилет деп айта албайм”, – деди ал.

Алматыда 140 күндөн бери Кытай консулдугунун алдында бир нече адамдар тобу үзгүлтүксүз саясий акцияларды өткөзүп келишет. Алар Шинжаңда Кытай бийлигинен запкы жеп, күнөөсүз жерден түрмөгө түшүп же дайынсыз болуп жаткан туугандарын бошотууну жана Казакстанга кайтарууну талап кылышууда.

Ушул убакка чейин консулдуктан бул акциянын катышуучуларына эч ким чыгып, жооп бере элек.

Быйыл апрель айында Кытайдын Казакстандагы элчиси Чжан Сяо "Шинжаңда кармалган казактар Кытай жарандары экенин жана алар мыйзамды бузганы үчүн камалганын" айткан.

Буга чейин Алматынын полициясы Кытай консулдугунун алдына чогулгандарды бир нече ирет кармап, куугунтуктап, административдик камоого алган учурлар болуп келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости