www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Илгери ар бир айылда бирден молдо болот эле. Ошол молдону айылдын баары сыйлашчу. Ичип алгандар молдону көрсө бекинип калышчу, сыйлачу... Себеби, ал кездеги молдолор эл көзүнө эмес чыныгы, акыретти ойлогон молдо болушкан. Атеизм доорун сүргөн СССР убагында да намазын окуп, аксакалдарды кадырлап, өзү молдо болгонуна карабай «улуунун батасы тиет» деп, колун жайып, бата тилеген касиеттүү молдолор болгон. Кайран ыраматылык союз заманы аттиң ай...

Союз таркап, «эгемендик алдык өзүбүздүн салтыбыз, өзүбүздүн наркыбыз менен жашайбыз» деп кубанышкан аталар эсимде. Андан кийин кээ бир аталар балдарын динибизди өнүктүрөлү дешип алды Самаркандга арты Ноокатка медреселерге жөнөтүштү. Самарканд менен Ноокатта окуган молдолор, биз көргөн биз билген молдолордой эле дин тууралуу сабактарды өтүшүп элдин үмүтүн актай башташкан ... анан эле «Арабиядан, Пакистандан, Каирден жана башка жерден билип алып келиптир» деген молдолор пайда боло башташты.

Ошентип эч киим билбеген салттар пайда болуп, «Өлгөнгө өкүрбөш керек, жетилик, кыркылык өткөрбөгүлө. Эртең менен өлсө, түшкө чейин көмүш керек. «Сүннөт экен» деп, ээктерине сакал коюп, муруттарын кырып чыгышты. (Бизди чоң аталар; атаң тирүү кезде сакал койбо, салтка тура келбейт дешчү эле) «Бата деген туура эмес, дуба дегиле, дубаны ак аксакалдар эмес, жаш болсо да арапча билген берсин, болбосо дуба түшпөйт» дей башташты.

Тушоо кескен болбойт, «Умай эне колдосун» деген бул ширк болуп эсептелет. Ысырык салба, жети токоч болбойт, «Манас» жомок болгон аны пайгамбарга шерик кылба, күү уккан арам дагы ушуга окшогон сөздөр, айтоор башталды...

Анан дааватчы дегендер чыкты. Мен эскертүүчүмүн мусулман бир тууганым деп баштайт, сөзүнүн аягы жок. (Алкаштар дагы тосту жакшы баштап аягын таппай калып сөгүнө баштайт го) Кайдагы атаң тааныбаган араптардын атын кошуп хадис деп кыргыздын эле жомокторун жорголото башташат. Кызык жери сүйлөп жатып ыйлап жибергендеричи, артист болсо кыйратмак экен деп ойлоп каласың.

Алкаштар мас болуп ыйлайт го, мен сен үчүн өлүүгө даярмын депчи... дааватчы да сопсоо туруп эле шолоктоп жибергенде мас менен молдонун айырмасын таппай айрансың... алкаш эртеси башы ооругандан кайра эле арак менен баш жазгандай, дааватчы деле эртеси жанагы жадатма хадисин баштайт. Жогоруда айтып өткөндөй СССР кезинде молдолор кадырлуу касиеттүү эле дегендей, азыр анча-мынча ичкен аталар айтып калышат, «союздун арактары жакшы эле баш оорубайт эле, азыркы арактар башыңды экиге бөлүп салат», деп ...

Менин айтайын дегеним. Динибизди салтыбызга шайкеч кармансак... «Чымчык сойсо да касап сойсун» дегендей, динди окуп билим алган, салт менен динди айкалыштыра алган молдолорубуз башкарса. Билип билбей, «бөрк ал десе баш алгандай» аша чапкандарга тыйуу салынса деген ойдо айттым. Салт деген динди да өзүнө камтыырын билбегендерге айттым. Теманы атайын ушундай койдум, теманы окуп калганын аягына чейин окуур бекен деген үмүттө. Кимдир бирөөнүн абройуна шек келтирейин деген ойдон алысмын. Аша чапкан фанат молдолор менен алкаштарды салыштырдым...

Динибиздин ыйыктыгын,

Салтыбыздын улуктугун!

Кыргыз деген улутубуздун,

Билели КЫРГЫЗ бийиктигин!

Динибизди сактайлы,

Тилибизди сатпайлы!

Салтыбызды барктайлы,

Абийирибизди чачпайлы!

Молдо болсоң, молдо бол жолуң менен,

Салтты бузуп, орок орбой оозуң менен…

Кылымдарды карыткан ата салтын,

Ойрон кылба кыргызым колуң менен!

Ичкендер ичкиликти таштайлы.

Кымыз ичип, кыргызча эле жашайлы!

Бөтөлкөнүн түбүнө түшкөнчөктү,

Жайнамаздын үстүндө, биз намазды баштайлы!

Макала Гүлжигит Токтошевдин баракчасынан алынды

Булак: NazarNews.kg

Последние новости