www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Балдардын ден соолугу өзгөчө тынчсызданууну жаратат. Бул тууралуу маселени ЖК депутаты Гулнара Баатырова көтөрүп чыгып, коомчулукка көңүл бурууну билдирди.
Ага кошумча, 2023-жылдагы маалыматтарга ылайык, 6 айдан 23 айга чейинки курактагы балдардын 78 пайызы таттуу суусундуктарды колдонгон. Курамында кант бар суусундуктар бош канттын негизги булагы болуп саналат. Азыктык баалуулугу жок жана рациондон суу жана сүт сыяктуу пайдалуу альтернативаларды сүрүп чыгарат. Бул балдардын семирүүсүнүн жана тиштин кариесинин өнүгүшүнүн маанилүү фактору.
Семирүү жана ашыкча салмак өлкөбүздө коомдук саламаттык сактоо жаатындагы олуттуу көйгөйлөрдүн бири болуп калууда. Статистикалык маалыматтарга ылайык, чоң кишилердин 56 пайызы ашыкча салмакка ээ болсо, алардын 21 пайызы семирүүдөн жабыркайт. Ошондой эле балдардын арасында да бул көйгөйдүн жайылышы тынчсызданууну жаратууда: бүгүнкү күндө балдардын болжол менен 13 пайызы ашыкча дене салмагына ээ.
Кант диабети: Чоңдор арасында кант диабетинин таралышы 5,9% жетет, ал эми 40-69 жаш курактык топто 10%ды түзөт.
Кыргыз Республикасында кант диабети менен ооруган 85 миңден ашуун бейтап катталган, бирок Эл аралык диабет федерациясынын баалоосу боюнча оорулуулардын иш жүзүндөгү саны 260 миңден ашат жана 2050-жылга чейин 400 миңден ашышы мүмкүн.
40 жаштан ашкан ар бир онунчу чоң кишинин канында глюкозанын деңгээли жогору.
Кант диабети өнөкөт бөйрөк жетишсиздигинин, сокурдуктун жана буттун ылдый жагын кесип салуунун негизги себептеринин бири болуп саналат. Мамлекеттик бюджеттин олуттуу каражаты кант диабеттин татаалдашуусун дарылоого, анын ичинде гемодиализ жүргүзүүгө, жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоого жана бейтаптарды реабилитациялоого жумшалат.
Негизги себепкер – суусундуктардын курамындагы жашыруун канттар. Көпчүлүк учурда керектөөчүлөр алардын курамындагы канттын көлөмүн толук аңдай беришпейт, натыйжада мындай суусундуктар ашыкча кантты керектөөнүн негизги булагына айланат.
Кант кошулган суусундуктардын негизги коркунучтары:
- Чоң кишилердеги гипертония, жүрөк-кан тамыр оорулары, диабет, рак жана бөйрөк ооруларынын өрчүшүнүн негизги фактору жана дарылоого кыйын;
- Психикалык ден-соолуктун бузулуу тобокелдигинин жогорулашы (депрессия жана тынчсыздануу) менен байланыштуу;
- Өспүрүмдөрдүн социалдык басынтуусу (стигматизация) жана дискриминация сыяктуу көйгөйлөргө алып келет
6 айдан 23 айга чейинки курактагы балдардын 76 пайызы курамында канты бар суусундуктарды керектешет.
Экологиялык изи: Кант кошулган суусундуктар өндүрүүсү көп ресурсту талап кылат: 500 мл суусундукту даярдоо үчүн 168 литрден 309 литрге чейин суу керек. Кант кошулган суусундуктар керектөөсү пластик (желим) менен массалык түрдө булганууга алып келет, бул экосистемага жана балдардын таза чөйрөгө болгон укугуна коркунуч келтирет, - дейт ЖК депутаты Гүлнара Баатырова.