www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үгүттүн жаңы жүзү жана эски ыкмалар

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурдагы парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды. Бул жолу шайлоо майданы мурдагыдан айырмаланып, социалдык тармактар жаңы трибунага, ал эми аймактагы таасирдүү жарандар негизги күчкө айланды.

Жаңы мыйзамга ылайык талапкердин шайлоо фонду 20 миллион сомго чейин көбөйүп, үгүтчүлөрдүн санын миңге чыкты. Бул өзгөрүү демократия үчүн мүмкүнчүлүкпү же бай менен карапайымдын ортосундагы жаңы ажырымбы деген суроонун жообу 30-ноябрдан соң билинет. 

Шайлоого аттангандардын аймактагы статистикасына көңүл бурсак, эң көп Сокулук боюнча окуругдан 25 талапкер, ал эми эң аз Манас шаарынан болгону 5 талапкер аламан жарышка чыгышкан. 

Арийне, учурда үгүт иштери жаңы технологияларга таянганы менен, административдик ресурс, добуш сатып алуу, жана “бийликтин көзөмөлү” деген күмөн саноолор жок эмес. 

Кыргызстан үчүн бул шайлоо жөн гана депутат тандоо эмес. Анткени, бул жолку шайлоо, элдин бийликке болгон ишенимин, мыйзамдын күчүнө болгон үмүтүн дагы бир жолу сынаган учур.

Последние новости