www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Грузиянын Кыргызстандагы (резиденциясы Астанада) элчиси Леван Диасамидзенин ишеним грамотасынын көчүрмөлөрүн кабыл алды.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда министрдин орун басары Леван Диасамидзени элчи болуп дайындалышы менен куттуктап, анын тажрыйбасы эки тараптуу мамилелерди чыңдоого салым кошоруна ишеним билдирди.
Жолугушууда тараптар саясий кызматташтыкты талкуулап, кыргыз-грузин мамилелеринин салттуу достук мүнөзүн жана жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги диалогду активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Расмий сапарларды уюштуруу жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Соода-экономикалык кызматташтык жаатында тараптар байланыштарды кеңейтүү, анын ичинде Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн белгилешти. Парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү, ошондой эле демократия жана парламенттик дипломатия жаатындагы кызматташуу да талкууланды.
Соода, туризм жана маданий-гуманитардык байланыштарды колдоо үчүн Бишкек менен Тбилисинин ортосундагы түз аба каттамдарын кайра жандандыруу маселеси да көтөрүлдү.