www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Грузияда жаштар өкмөттү кулатууга даярданууда

Сербиянын үч жараны Грузияда тренинг өткөрүп, анда грузин жаштарын өлкөдө митинг өткөрүүгө жана күч колдонуу менен бийликти кулатууга үйрөтүшкөн. Бул тууралуу Грузиянын Мамлекеттик коопсуздук кызматы билдиргенин ТАСС агенттиги жазып чыкты.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, сербдер визиттин максаты “маданий чөйрөдө иштеген топторго тренинг өткөрүү” экенин билдиришкен.

"Бирок иликтөө иш сапарынын чыныгы максаты октябрь-декабрь айларында Грузияда пландалган деструктивдүү жана мыйзамсыз акциялардын өзөгүн түзүүгө тийиш болгон жаштар жана таасирдүү бейөкмөт уюмдар менен байланыш түзүү жана тренинг өткөрүү экенин көрсөттү", — деп белгиленет билдирүүдө.

Мамлекеттик коопсуздук кызматы Синиша Сикван, Елена Стойшич жана Слободан Джинович Грузияга Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин Грузиядагы программасынын чакыруусу менен 25-сентябрда келишкенин тактады. Тренингдер 26-сентябрдан 29-сентябрга чейин болуп, USAID тарабынан каржыланды. Аларга “өкмөттү күч менен кулатууга даярданууда жана ишке ашырууда чечүүчү роль ойноого тийиш болгон” жаштар катышты.

Агенттик ошондой эле серб жарандары митингдерди өткөрүүдөгү жеке тажрыйбасы тууралуу айтып, грузин жаштарын кандайдыр бир жаңсоолорду жана аракеттерди үйрөткөн тренингдердин видеолорунан үзүндүлөрдү жарыялады.

Сурак маалында серб жарандары “визитинин чыныгы максатын жашырууга аракет кылып”, 30-сентябрда Грузиядан Болгарияга учуп кетишкен.

Буга чейин бийликтеги “Грузин кыялы – Демократиялык Грузия” партиясынын башчысы Ираклий Кобахидзе өлкөнүн тургундарын ар кандай маалыматка этият мамиле жасап, Грузияда украин сценарийинин кайталануусуна жол бербөөнү суранган. Саясатчынын айтымында, октябрь, ноябрь жана декабрь айлары, ошондой эле келерки жылдагы шайлоолор көңүл бурууну талап кылган өзгөчө кооптуу мезгил болот.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости