www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 9-апрелинде Газиантеп провинциясына болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчиси Р. Казакбаев Низип соода-өнөр жай палатасынын, Низип товардык биржасынын, Газиантеп соода палатасынын, ошондой эле Газиантеп өнөр жай палатасынын жетекчилиги жана мүчөлөрү менен жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө кыргыз-түрк соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү, региондор аралык байланыштарды кеңейтүү жана Кыргыз Республикасы менен Газиантеп провинциясынын ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда түз байланыштарды түзүү маселелери боюнча мазмундуу пикир алмашуу болду.

Элчи Р. Казакбаев Кыргыз Республикасында Президент С. Жапаровдун жетекчилиги астында жүргүзүлүп жаткан кеңири масштабдагы реформалар тууралуу маалымат берип, алардын инвестициялык климатты жакшыртууга, инвесторлорду ар тараптуу колдоого, экономикалык процесстерди либералдаштырууга жана бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталганын белгиледи.

Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалы боюнча презентациянын алкагында инвестиция салуу үчүн келечектүү багыттарга өзгөчө көңүл бурулду. Атап айтканда, энергетика, айыл чарба, туризм, кайра иштетүү өнөр жайы, ошондой эле экспортко багытталган өндүрүштөрдү өнүктүрүү белгиленди. Бул тармактарда өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн түрк инвесторлорун тартууга кыргыз тарап кызыкдар экендиги баса белгиленди.

Ошондой эле айыл чарба продукциялары боюнча өз ара сооданы өнүктүрүүнүн келечеги белгиленип, Газиантеп аймагында калыптанган суроо-талапты эске алуу менен кыргыз продукциясынын жеткирүүлөрүн көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле өндүрүүчүлөр менен импорттоочулардын ортосунда түз байланыштарды түзүү маселелери талкууланды.

Жолугушуулардын жыйынтыгында Элчи Р. Казакбаев Газиантеп жана Низип аймактарынын ишкер чөйрө өкүлдөрүн 2026-жылы Нарын шаарында өткөрүлө турган кыргыз-түрк бизнес-форумуна катышууга чакырды. Аталган иш-чара түз байланыштарды түзүү жана практикалык инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн маанилүү аянтча болуп кызмат кылат.

Последние новости