www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 9-апрелинде Газиантеп провинциясына болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Р. Казакбаев Низип муниципалитетинин мэри Али Доган менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар региондор аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин, анын ичинде экономика, соода жана инвестициялар тармагындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.
Элчи Кыргыз Республикасында Президент С. Жапаровдун жетекчилиги астында жүргүзүлүп жаткан кеңири масштабдагы реформалар тууралуу маалымат берип, алардын инвестициялык климатты жакшыртууга, чет элдик инвесторлорду ар тараптуу колдоого жана бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталганын белгиледи.
Элчи Р. Казакбаев Низип муниципалитети менен Нарын шаарынын ортосунда кол коюлган побратимдик жөнүндө Протоколдун маанилүүлүгүн өзгөчө белгилеп, анын маданий, социалдык жана экономикалык багыттарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачарын айтты.
Ошондой эле кыргыз тарап Низип муниципалитетиндеги парктардын, билим берүү мекемелеринин же көчөлөрдүн бирине Кыргыз Республикасына байланышкан аталыштарды, анын ичинде Кыргызстан, Манас же Чыңгыз Айтматовдун ысымдарын ыйгаруу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады. Бул демилге эки элдин ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоонун символу катары белгиленди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи Низиптин мэрин Кыргыз Республикасына иш сапары менен келүүгө, ошондой эле 2026-жылы пландалып жаткан бизнес-форумга катышууга чакырды. Аталган иш-чара конкреттүү инвестициялык долбоорлорду талкуулоо, түз делелик байланыштарды түзүү жана региондор аралык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн маанилүү аянтча болот.