www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньягу Израилдин армиясы Газа тилкесинде "ХАМАСТЫтын" лидери Мухаммед Синварды жок кылганын билдиргенин Jerusalem Post жазды.

Нетаньягу бул билдирүүнү Кнессеттин (парламенттин) жыйынында сүйлөп жатып жасады.

Синвардын өлүмү тууралуу алгач 18-майда «Аль-Арабия» телеканалы булактарга таянуу менен билдирген. Каналдын маалыматы боюнча, Синвар 13-майда Хан-Юнустагы соккудан улам өлтүрүлгөн. Аны менен кошо анын он жардамчысы да каза болгон.

Ошол эле учурда, "The Jerusalem Post" гезитинин жазганына караганда, акыркы убакка чейин Израилдин чалгын кызматында бул маалыматты тастыктаган ишенимдүү далилдер болгон эмес.

Мухаммед Синвар - Израилде 2023-жылдын 7-октябрында «ХАМАС» куралдуу тобунун чабуулун уюштуруучу жана идеологу катары эсептелген Яхья Синвардын иниси. Яхья Синвар 2024-жылдын күзүндө өлтүрүлгөн, андан кийин Мухаммед топтун лидери болуп калган.

 

Последние новости