www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдын кыздары Forbes түзгөн Казакстандын эң бай аялдарынын рейтингинде алдыңкы орундарды ээледи.

Forbes Kazakhstan жарыялаган маалыматка ылайык, өлкөнүн биринчи президентинин улуу кыздары эң бай аялдардын тизмесинде лидерлик орундарды ээлешкен.

Рейтингде биринчи орунду Динара Кулибаева ээледи. Анын байлыгы 5,4 миллиард доллар деп бааланууда. Үчүнчү орунда Дарига Назарбаева турат, анын капиталы 550 миллион долларды түзөт. Мындайча айтканда, Назарбаевдин үй-бүлөсү өлкөдөгү жеке капиталдын олуттуу бөлүгүн кармап келет.

Ошондой эле алдыңкы ондукка Гульнар Досаева да кирди. Ал Ерболат Досаевдин жубайы. Ал 10-орунду ээлеп, анын диверсификацияланган бизнеси 61 миллион долларга бааланган.

Последние новости