www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Банктарды, акча алмаштыруу жайларын жана башка банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарга инспектордук текшерүү жүргүзүү токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банктан маалымдады.

Ошондой эле, өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал чыңалып тургандыктан Улуттук банктын кызматкерлери арасында коронавирустун жайылып кетишине жол бербөө максатында ушундай чечим кабыл алынганы маалыматта айтылат.

"Коммерциялык банктарды, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарын, кепилдик фонддорун, адистештирилген финансы-кредиттик уюмдарды, акча алмаштыруу жана кредиттик бюролорду инспектордук текшерүүгө алууну токтотуу чечими чыкты. Буга үчүнчү тараптын сурамы менен аткарылчу текшерүүлөр да кирет", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, акча алмаштыруу жайларын жободо көрсөтүлгөн талаптарды аткарышын текшерүү жана лицензия берүү маселесин кароо иши да токтотулган.

Өлкөдө кырдаал турукташкандан кийин текшерүүлөр кайрадан улантылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости