www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда соңку күндөрү коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандар көбөйдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, акыркы үч суткада илдетти жаңы жугузгандардын саны күн сайын 50 миңден ашты. Көз карандысыздык күнүнө даярданып жаткан өлкө бийлиги адамдарды үйүнөн чыкпоого чакырууда. Бир катар штаттарда ишканалар убактылуу ишин токтотту. 50 штаттын ичинен кыркында вирус жуктургандардын саны көбөйүүдө.

АКШнын түштүк жана батыш штаттарында абал курч болуп турат. Флоридада күнүнө оң миңден ашык адамдан вирус аныкталып, ооруканага жаткандар көбөйүүдө. Аймактын бийлиги коменданттык саат режимин киргизип, эс алуу жайларынын ишин убактылуу токтотту.

Ал эми Калифорнияда болсо ишканалардын ишин жандантуу планы кийинкиге жылды.

Учурда дүйнө боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын саны 11 миллион адамдан ашты, анын ичинен 524 миң адам каза болду. Дүйнөдө вирус аныкталган жана каза болгондордун жалпы санынын төрттүн бири АКШга туура келүүдө.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму пандемияга каршы күрөштү күчөтүүгө чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости