www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Филиппиндин түштүгүндө күчү 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө болуп, анын кесепетинен 16 адам каза болуп, 200дөн ашуун адам жарадар болду.
Бул тууралуу Хенераль-Сантос шаарынын өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу башкармалыгынын башчысы Агрипино Дасера билдирди.
Анын айтымында, учурда каза болгондордун так саны жана келтирилген материалдык чыгымдын көлөмү боюнча баалоо иштери уланууда.
Филиппиндин Вулканология жана сейсмология институтунун (PHIVOLCS) маалыматына ылайык, жер титирөө дүйшөмбү күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:37де катталган. Жер силкинүүнүн очогу Минданао аралындагы Сарангани провинциясынын Маасим шаарынын жээгинен 32 чакырым түштүк-батышта жайгашып, 33 чакырым тереңдикте болгон.
Адистер цунами толкундарынын бийиктиги 1,4 метрге чейин жеткенин билдиришти. Жергиликтүү маалымат каражаттары бир катар имараттар кыйрап, электр энергиясы үзгүлтүккө учураганын кабарлашты. Жер титирөө коңшу провинцияларда да сезилген.
Филиппиндин президенти Фердинанд Маркос кенже жабыркаган аймактарда куткаруу жана калыбына келтирүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.
Ал ошондой эле жарандарды коопсуздук максатында бийик аймактарга эвакуацияланууга чакырды.
Белгилей кетсек, Филиппин дүйнөдөгү эң сейсмикалык активдүү аймактардын бири болгон Тынч океандын «От шакеги» зонасында жайгашкан. Бул аймакта жер титирөөлөр жана жанар тоолордун атылышы көп катталат.