www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев журналисттердин катышуусунда ачык форматтагы аппараттык кеңешме өткөрдү.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте «Ачык кабинет» форматындагы аппараттык кеңешме өткөрдү.
Иш-чара «Биринчи радио» түз эфиринен кийин улантылган долбоордун алкагында уюштурулду.
Кеңешмеге министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлери, бардык аймактык башкармалыктардын жетекчилери видеоконференцбайланыш аркылуу, ошондой эле Россия Федерациясындагы өкүлчүлүктүн кызматкерлери катышты.
Ачык формат журналисттерге чечим кабыл алуу процесси жана социалдык-миграциялык саясаттагы актуалдуу маселелер менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк берди.
Күн тартибинде үч негизги маселе каралды.
Биринчи маселе — «Бала ырысы» аттуу жаңы мамлекеттик жөлөкпулду ишке киргизүүгө даярдык көрүү болду. Министр жөлөкпул бардык тиешелүү курактагы балдарга үй-бүлөнүн кирешесине карабастан берилерин белгилеп, ведомстволордун арыздарды кабыл алуу жана төлөмдөрдү өз убагында баштоого толук даяр болушу керектигин айтты.
Экинчи маселе — оор турмуштук кырдаалдагы, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана майыптыгы бар балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу болду. Маалыматка ылайык, балдардын биринчи тобу 10-июндан тарта эс алуу лагерлерине жөнөтүлөт.
Программаны ишке ашырууга жыл сайын республикалык бюджеттен 15 млн сом бөлүнөт. Министр коопсуздук талаптарын катуу сактоону тапшырды.
Үчүнчү маселе — 2026-жылдын 1-июлунан тарта Россия Федерациясына кирүүнүн жаңы эрежелерине байланыштуу миграциялык өзгөрүүлөр болду. Министр эмгек мигранттары арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү жана жаңы талаптар тууралуу маалыматты өз убагында жеткирүүнү тапшырды.
Жыйынтыгында протоколдук тапшырмалар кабыл алынып, белгиленген иштерди аткаруу боюнча тапшырмалар берилди. Кеңешмеден кийин журналисттер менен ачык талкуу өтүп, министр жарандарды социалдык коргоо жана миграция маселелери боюнча суроолорго жооп берди.