www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 271-чакырымында таш көчкүнүн кесепеттери толугу менен тазаланып, жол каттамы бир тараптуу ачылды.
Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жолдун 243–280-чакырым аралыктарында дагы таш көчкү түшүп, учурда №18 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери атайын техникалардын жардамы менен тазалоо иштерин улантууда.
Азыркы учурда унаалар үчүн бир тилке аркылуу каттам камсыздалып, жол кыймылы жүргүзүлүп жатат. Жолдун абалы боюнча кошумча маалымат кийинчерээк берилери айтылды.
Эске салсак, 4-июнда саат 17:30 чамасында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 270–271-чакырым аралыгына ири көлөмдөгү таш көчкү түшүп, анын кесепетинен жол кыймылы убактылуу токтотулган болчу.