www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Financial Times басылмасы Орусиянын “Луч-1” жана “Луч-2” аттуу эки космостук аппараты Европанын байланыш спутниктерине кооптуу жакындашып, маалыматтарды перехваттоо (кармоо) мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонун жазды. Европа коопсуздук органдарынын баамында, алар кеминде он геостационардык спутник менен байланышты кармап турушкан.
Бул аппараттар спутниктерге жөнөтүлгөн купуя маалыматтарды кармап, ошондой эле алардын траекториясын манипуляциялап, керек болсо иштен чыгарышы мүмкүн. Соңку үч жыл ичинде Орусия космосто Европа спутниктерин активдүү көзөмөлдөп келет. Бул Украинадагы конфликттин фонунда күчөгөн.
Космостук жана жердеги телескоптук байкоолорго ылайык, “Луч” аппараттары Европа үчүн маанилүү спутниктерге бир нече жолу жакындап, айрым учурларда айлар бою жанында калып турган. “Луч-2” 2023-жылдан бери 17 Европа спутниги менен жакындашкан. Германия армиясынын космостук командасынын башчысы генерал-майор Михаэль Траут алардын техникалык каражаттар менен чалгындоо жүргүзгөнүнө ишенет.
Европа чалгын кызматтары билдиргендей, “Луч” аппараттары көп учурда спутниктерге жөнөтүлгөн командалар агымына жакын жайгашып, ошол маалыматтарды жазып алууга мүмкүнчүлүк алган. Көп спутниктер эски болуп, командалык маалыматтар шифрленбегендиктен, алардын ишин бузуу же алсыз кылуу коркунучу бар.
Алынган маалыматтар аркылуу Орусия жердеги операторлордун ролун эмуляциялап, спутниктерге жасалма командаларды жөнөтүп, алардын орбитасын өзгөртүп же таптакыр жоготуп коюшу ыктымал.
Белинда Марчанд (Slingshot Aerospace) “Луч” аппараттары геостационардык спутниктердин жанында көп убакыт калып, аларды көзөмөлдөп жатканын белгиледи. “Луч-2” азыр Intelsat 39 спутнигинин жанында турат. Ал эми “Луч-1” иштен чыгып, январь айында газ чыгарып, бөлүнүп кеткен.
Франциянын Aldoria компаниясынын аналитиги Норберт Паузиндин айтымында, “Луч-2” жакындаган спутниктердин бардыгы НАТО операторлоруна тиешелүү жана Орусия космостук чалгын иштерин күчөтүп, 2025-жылы “Космос 2589” жана “Космос 2590” сыяктуу жаңы маневрлүү спутниктерди да чыгарган.